Жаңылыктар
Белгилүү пианист Бишкекте
Маданият
Белгилүү пианист Бишкекте

Бишкекте заманбап музыка дүйнөсүнүн эң мыкты пианисттеринин бири, эл аралык конкурстардын лауреаты - Өзгүр Уналдинин аткаруусундагы симфониялык музыканын концерти болду. Түрк элинин талантуу пианистинин кечесин Асанкан Жумакматов атындагы мамлекеттик академиялык симфониялык оркестри коштоду. 

Классика сүйүүчүлөрү үчүн Өзгүр Уналди - улуу композиторлор Сергей Рахманиновдун жана Петр Чайковскийдин чыгармаларын жогорку деңгээлде тартуулады. Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармонияда өткөн концертти "Ренессанс-Арт" коомдук фонду уюштурган. 

Саамалыкка улай, жакынкы айларда дүйнө сахнасын таң калтырган дагы бир канча таланттары кыргыз жерине келери күтүлүүдө. Муну менен коомчулукту салмактуу музыкалар менен жакындан тааныштыруу аракети көрүлүп жатат дейт уюштуруучулар.