Кыргызгидромет билдиргендей, 2-мартта күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында ойдуң жерлерди суу капташы мүмкүн.
Андыктан арыктарды тазалоо сунуш кылынат. 3-мартка чейин туруксуз аба ырайына байланыштуу, Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы автожолдордо кар көчкү коркунучу сакталат.
Унаалардын ортосундагы аралык 500 метр менен чектелиши зарыл экенин адистер эскертишет.