Жаңылыктар
Айылдыктарды жумуш менен камсыздаган ишкер айым
Экономика
Айылдыктарды жумуш менен камсыздаган ишкер айым

Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылдык округунун тургуну айылдаштары үчүн жумуш орундарын түздү. Бүгүнкү күндө тигүү цехте 10 тигүүчү иштеп жатат. Ишкер айым ошондой эле, айылдык кыз-келиндерге тигүү өнөрүн акысыз үйрөтөт. Айылда иштегиси келгендер көп. Бирок ишкер өндүрүшүн кеңейтүүгө ашыкпай турат.

Туулган айылда иштеп, жакшы акча табуу мүмкүнчүлүгүн Жаңы-Арык айылынын тургуну Назира Эрматова айылдаштарына түзүп берди. Ал жыйырма жылга жакын Казакстанда ишкерчилик менен алектенген. Эми өз айылында ишин улантууну чечти. Жаңы өндүрүшкө инвестицияны ал өзү салды.

Чакан цехте азыр 10 тигүүчү иштейт. Алар спорттук кийимдерди тигишет. Эмгек акы 15 күндө бир берилет. Айлык жаман эмес, жасаган жумушка жараша 8 миң сомдон 15 миң сомго чейин. Тигүү цехинин ачылышы аймакка бат эле тарады. Жумуш табуу үмүтү менен коңшу айылдардан да келишүүдө. 

Тилекке каршы каалоочулардын баарын жумушка алуу мүмкүн эмес дейт Назира Эрматова. Чоң өндүрүш чоң каражатты талап кылат. Аны мамлекеттин жардамысыз жасоо кыйыныраак.

Ишкерчиликтеги башкы максат пайда табуу эмес, кайрымдуулук дейт ишкер айым. Ушундан улам аракетине жараша айылдык айымдарга жардам көрсөтүүдө. Ошол эле маалда жергиликтүү бийлик анын ийгиликтүү баштаган ишине колдоо көрсөтөт деп ишенет.