Жаңылыктар
Түрксой маданий уюму быйыл Чыңгыз Айтматов жылын белгилейт
Маданият
 Түрксой маданий уюму быйыл Чыңгыз Айтматов жылын белгилейт

Кыргызстан быйыл залкар жазуучу, кыргыздын чыгаан уулу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган маанилүү иш-чараларды татыктуу өткөрүүгө бардык күч аракетин жумшайт. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков түрк тилдүү элдеринин Түрксой маданий уюмунун баш катчысы Дүйшен Касеиновду кабыл алуу учурунда билдирди. 

 

Өлкө башчысы Түрксой 2018-жылды Чыңгыз Айтматов жылы деп жарыялаганына ыраазычылыгын билдирип, уюм мындан ары да түрк тилдүү элдердин ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты арттыра берет деген ишенимин айтты. 

Алманбет Канатбеков залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун үй музейине саякаттап келген окуучулардын бири. Ал 3 жылдан бери Майсалбектин образын жаратып, көркөм окуу менен алектенип келет.

Окуучулар бул жолу Сокулук районундагы жеке мектептердин биринен келишкен. Үй музейде ушинтип киши аягы үзүлбөйт. Улуу жазуучуга байланышкан кандай гана иш-чаралар болбосун, программанын бир бөлүгү ушул жерде өтөт.

Түрк тилдүү элдеринин Түрксой маданий уюму быйыл Чыңгыз Айтматов жылын белгилейт. Кыргызстан болсо жазуучунун 90 жылдыгына арналган иш-чараларга даярдык көрүүдө. Мааракелик иш-чаралардын ачылышы январь айында жазуучунун кичи мекени Шекер айылында башталган. Бул жылы жазуучунун китептери жаңыланып басылып чыгат, Айтматовдун чыгармалары боюнча ондогон спектаклдер коюлуп, даректүү тасмалар тартылат.