Жаңылыктар
Оштогу "Достук" эл аралык көзөмөл-өткөрүү жайына кошумча терезелер ачылат
Чек ара
Оштогу "Достук" эл аралык көзөмөл-өткөрүү жайына кошумча терезелер ачылат

Оштогу "Достук-автожол" эл аралык көзөмөл-өткөрүү жайы аркылуу өткөндөрдүн саны бир күндө 10 миңден 12 миңге чейин жетти. Чек арадан өтүп жаткан жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында чек ара кызматы тарабынан кошумча дагы 4 терезе ачылат. Буга чейин 10 терезе иштеп келген. 

 


Лазизбек Алайчиев, Өзбекстандын Анжиян облусунун тургуну. Ал, көзөмөл жайга күнүгө жумушуна келгендей келет. Кара-Суу базарынан товар алып чыккан соодагерлердин жүгүн ташыйт. Күнүмдүк кирешеси - анын чек арадан өтүүсүнөн көз каранды. Ар бир алып өтүлгөн таңгакка жүк ээси 500 сомго чейин акы төлөйт. Күнүнө 1000, 1500 миң сом тапкан Лазизбек бул аракети менен, Анжияндагы бир чоң үй-бүлөсүн багып жатканын айтат. 


Кир жуугуч машина, муздаткыч, телевизор, таңгакталган чоң мүшөктөр. Буларды кезекте турган ар бир адамдын колунан кезиктирүүгө болот. Жүк ташуучу унаа менен алып өтүүдөн, тагыраагы бажы төлөмдөрүнөн кыйгап өткөн соодагерлер, мына ушул адам күчүн пайдалануу алда канча үнөмдүү экенин айтышат. 


Булардын катарында, айлап-жылдап көрүшпөгөн жакынынан кабар алганы келгендери да бар. Бир топ убакытка кезек күтүү, айрыкча, жаш балалуулар менен кары-картаңдарга ыңгайсыздык жаратары бышык. Мындай учурда, алар чек арачылар тарабынан кезексиз өткөрүлөт.