Жаңылыктар
КТРК Өзбекстандын Улуттук телерадиоберүү компаниясы менен кызматташат
УТРК жаңылыктары
КТРК Өзбекстандын Улуттук телерадиоберүү компаниясы менен кызматташат

Негизи эле мамлекеттик тилдин колдонуу чөйрөсүн кеңейтип, өнүктүрүүдө Коомдук биринчи каналдын салымы чоң. Мына ушул Коомдук телерадиоберүү корпорациясы менен Өзбекстандын Улуттук телерадиоберүү компаниясы ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Анын алкагында тараптар телепрограммаларды алмашуу, кызматкерлерди окутуу, каналдардын чыгармачыл, ошондой эле техникалык кызматкерлеринин тажрыйбалары менен өз ара бөлүшүү тууралуу макулдашылды. 


Келишим үч жылга чейин жарактуу жана эки өлкөнүн кызматташтык тарыхында телекомпаниялар ортосунда түзүлгөн алгачкы мамиле. КТРКнын башкы директору Илим Карыпбековдун айтымында, меморандум Кыргызстан менен Өзбекстандын дипломатиялык мамилелеринин 25 жылдыгынын алкагында ишке ашып, тыгыз кызматташуунун башаты болду.