Жаңылыктар
Мамлекеттик тилге болгон талап
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекеттик тилге болгон талап

Кыргыз тилин Кыргызстандагы бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер тиешелүү деңгээлде билиши керек. Мына ушул кызматкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин "Кыргызтест" аныктай баштады. Өкмөттүн токтомуна ылайык, аткарылып жаткан иш-чара беш айга созулат. Бул аралыкта 27 миңдей мамлекеттик жана муниципалдык кызмактердин кыргыз тилди өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу деңгээлинде билүүсү бааланат. 

Жалал-Абад мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу комитетинин жетекчиси Чыңгыз Султанов тестке даяр экенин билдирди. Анын айтымында, ар бир кыргызстандык мамлекеттик тилди билиши керек.

Тестке даярдык борбордо да кызуу. Бишкектин биринчи вице-мэри Ренат Макенов. Өзү кыргыз тилинде окуткан мектепти аяктаган, үйдө кыргызча сүйлөйт, жада калса, жумушта иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзөт. 


Тесттен милдеттүү түрдө өтө турган мындай кызматкерлердин саны 27 миңдин тегерегинде. Ал эми мамлекеттик органдардын жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү сынак тапшырбайт. Мамлекеттик тилди ким кандай биле турганын атайын иштелип чыккан А1, А2, В1, В2 жана С1 деңгээлдери аныктап берет. Мында А1 эң төмөнкү деңгээл болсо, С1 - эң жогоркусу.

Акыркы үч жылда мамлекеттик жана муниципалдык органдардын 900дөн ашык кызматкери окуудан өткөн. Ар бир мекеме өз эсебинен кызматкерлерин мамлекеттик тилге үйрөтүшү зарыл. Ал арада “Кыргызтесттин” сайтынан онлайн тесттен өтүп, мамлекеттик тилди билүү деңгээлиңизди аныктасаңыз болот. Өткөрүлгөн тесттердин жыйынтыктары тууралуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга маалыматтар берилет. Ага ылайык улуттук комиссия милдеттүү тестирлөөнүн убактысын белгилейт.