Жаңылыктар
Жогорку Кеңештин депутаты Ф.Иминов мандатын тапшыргандыгын билдирди
Саясат
Жогорку Кеңештин депутаты Ф.Иминов мандатын тапшыргандыгын билдирди

 Жогорку Кеңештин депутаты Фархат Иминов («Республика — АтаЖурт») өзүнүн мандатын тапшыргандыгын билдирди.
Бул маалыматты депутаттын кабылдамасынан да тастыкташты. БШКнын басма сөз кызматы депутаттан азырынча арыз түшө электигин билдиришти. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалыматты тастыктап же жокко да чыгара элек.
Депутат Алтынай Өмүрбекова («Республика — Ата Журт») АКИpress агенттигине Ф.Иминов арыз жазууну көздөп жаткандыгын билдирди. Бирок ал арызын жазган же жазбаганын билбейт.
Ф.Иминов 2008-2012-жылдары «Замандаш-Современник» партиясынан Бишкек шаардык кеңешине депутат болгон. Андан кийин жеке менчик компанияларда иштеп, 2015-жылы парламенттик шайлоого катышкан.