Жаңылыктар
Караколдук окуучу кыз жеңил атлетика боюнча эл аралык мелдеште коло медаль тагынды
Спорт
Караколдук окуучу кыз жеңил атлетика боюнча эл аралык мелдеште коло медаль тагынды

Каракол шаарынын балдар жана өспүрүмдөрдүн спорт мектебинин тарбиялануучусу Кази Мохмад Надия жеңил атлетика боюнча эл аралык мелдеште коло медаль жеңип алды. Бул тууралуу аталган спорт мектептен маалымдашты.

Маалыматка караганда, эл аралык мелдеш Өзбекстандын Ташкент шаарында 24-25- февралда өткөрүлүп, ага 1999-2000-жылы туулган өспүрүмдөр катышты.

«Надия 1500 метр аралыкка чуркоо боюнча 10 кыздын ичинен үчүнчү келип, эл аралык мелдештин коло медалын жеңип алды. Ал учурда Каракол шаарындагы Некрасов атындагы мектепте 11-класста окуйт. Аны КР спортунун эмгек сиңирген машыктыруучусу Александр Мохтун машыктырат. Надия 2016-жылы Азия чемпионатына катышкан», - деп айтылат маалыматта.