Жаңылыктар
Бишкек—Баткен каттамындагы учак учуп баратканда кыймылдаткычы бузулуп калган
Кырсык
Бишкек—Баткен каттамындагы учак учуп баратканда кыймылдаткычы бузулуп калган

1-мартта Бишкек шаарындагы «Манас» эл аралык аэропортунда «Тез Жет» (TezJet) компаниясынын Бишкек — Баткен маршрутундагы учагы авариялык абалдан улам жерге конууга мажбур болду. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

Аталган учак Бишкектен учуп чыгып, бирок бир нече убактан кийин кайра кайтып келген.

Окурмандар авариялык абал тууралуу эки видео жөнөтүштү. Алардын биринде учактын кыймылдаткычы бузулганын көрүүгө болот. Ал эми, экинчисинде учак конгондон кийинки абал тартылган.

Учак «Манас» аэропортунан 1-мартта саат 14:22де учкан. Учкучтар диспетчерлерден учактын сол кыймылдаткычы бузулуп калгандыгына байланыштуу жерге конууну сурашкан.

«Учак саат 14:52де жерге кыйроосуз конду. 96 жүргүнчүнүн ичинен эч ким жабыркаган жок, - деп билдиришти аэропорттон.

Кыргызстандын жарандык авиация агенттиги аталган окуяны иликтөө үчүн комиссия түздү. Ал эми, Tez Jet компаниясы окуя тууралуу билдирүү жасоодон баш тартты.