2-мартта Өзгөн шаарында жамгыр жаап жатат. Жаандын суусу онго жакын көп кабаттуу үйдүн подъезддерин жана үйдүн алдын каптап жатканын Манас көчөсүндөгү №32-Г дарегиндеги үйдүн жашоочулары кабарлашты.
Жашоочулар белгилегендей, мындай абал жыл сайын жамгыр жааган убакта кайталанат. Бирок шаардык мэрия бул маселеге көңүл бурбай келет, дешти нааразы болгон тургундар.