Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында жол кырсыктарына себеп болгон маселелер көтөрүлдү. Анда эл өкүлдөрү коомдук транспорттун айдоочулары жол эрежесин бузуп, жүргүнчүлөргө өзгөчө кооптонууну жаратып жатканын белгилешти.
Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматына ылайык, Коомдук транспорттун айдоочулары жалпы катталган жол кырсыктын 430уна себепкер болуп, андан 47 киши көз жуумп, 684 киши жаракат алган.
Баса белгилей кетсек, коңшу мамлекеттерде Кыргызстанга салыштырмалуу кичи автобустар дээрлик жокко эсе. Адистер маршрутканын айдоочулары жол эрежесин сактабай кырсыктарга туш болуп жаткандыгын айтышат. Буга жакында эле Бишкектин чок ортосунда үч маршрутка кагышып, анын кесепетинен жети адам жабырканы далил. Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.
Илгиз Жамалбеков, "Биринчи радио"