Жаңылыктар
“Кепилдик фонду” быйыл артыкчылыкты айыл чарба багытына жасамакчы
Экономика
“Кепилдик фонду” быйыл артыкчылыкты айыл чарба багытына жасамакчы

Мамлекеттин алдындагы "Кепилдик фонду" колдогон долбоорлордун саны 250 ашты. Ачык акционердик коом 2016-жылы иш баштап, ошол учурдан бери насыя алууда күрөөгө муктаж болгон ишкерлерге кепил болуп келет. 

Фонд быйыл күрөөгө коюлуучу каражаттын көлөмүн эки эсеге чейин көбөйтүүнү мерчемдеген. Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында артыкчылык айыл чарба багытына жасалмакчы. 

“Кепилдик фонду” ачык акционердик коому 2016-жылдын ноябрынан тартып ушул күнгө чейин жалпы 275 долбоорду жактырган. Алардын 49 пайызы айыл чарба тармагына, 31 пайыз соода инфраструктурасына, 7 пайыз туризм, 5 пайыз кызмат көрсөтүүгө жумшалган. Коюлган күрөөнүн суммасы 250 млн сомду түзүп, анын негизинде өнөктөш банктар жалпы суммасы 1 млрд 85 млн сомго эсептелген насыяларды берген.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду өзү иш баштаган 2015-жылдан тарта 842 долбоор жактырылып, жалпы 266 млн долларга насыялар берилди. Анын ичинен 727 долбоор же 150 млн доллар аймактарга жумшалган.