Жаңылыктар
БУУ: кызматташтыкка 26 жыл
Кыргызстан жаңылыктары
БУУ: кызматташтыкка 26 жыл

Бириккен улуттар уюмуна Кыргызстандын мүчө болгонуна 26 жыл толду. 1992-жылы 2-мартта уюмдун Нью-Йорктогу баш кеңсесинде Кыргыз ССРнин желеги көтөрүлгөн. 

Бириккен Улуттар Уюму жарандык коомду гана эмес, жалпы мамлекетти да колдоого алып келди. Жыйырма алты жылдагы кызматташтык өлкөнүн тышкы саясатындагы негизги багыттардын бири болду. Уюмдун баш катчыларынын Бишкекке каттаганы Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн урматтаганынын далили.

Бириккен Улуттар Уюму тынчтыкты камсыз кылууда дүйнө коомчулугунун башын бириктирген аянтча. Жер жүзүндө болуп жаткан көйгөйлөр дал ушул жерде кызуу талкууланат. Кыргызстан көтөргөн демилгелер да абройлуу уюмдун бийик трибунасында жаңырып, дүйнөгө үнү жетти.