Жаңылыктар
Мамлекеттик туунун бекитилгенине 26 жыл толду
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекеттик туунун бекитилгенине 26 жыл толду

Мамлекеттик туунун бекитилгенине 26 жыл толду. Алгач ал чакан ак-кара түстөгү эскиз болчу. 


Эл сүрөтчүсү Султан Макашев саналуу сааттарда андан чоң үлгү жасап, ал кызыл жибек кездемеге чийилген. Азыр анын биринчи чиймеси сакталып, дагы эле иш учурунда пайдаланылат.

Ошол күнү туу бир түндө тигилген. Анда ар бир мүнөт маанилүү эле. Себеби эртең мененки тогузда жаңы асаба ак үйдүн имаратынан желбиреши керек болгон.



Эдиль Айдарбеков, Маматбек Сыдыков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров жана Жусуп Матаев - мамлекеттик туунун авторлору. 



26 жыл ичинде мамлекеттик символ эл өкүлдөрүнүн бир топ сынына кыбалса да, өлкөнүн желеги өзгөрүүсүз калды. Ал арада сүрөтчү Аскат Чонбашев былтыр мамлекеттик туунун жана гербдин түзүмдүк сүрөтү менен негизги өлчөмдөрүн иштеп чыккан. Ал асабаны даярдоодо шөкөтчүлөр ката кетирбеши үчүн жүргүзүлгөн.