Жаңылыктар
Жаштар театрынын жетекчиси болуп Жолдошбек Жанжигит уулу дайындалды
Маданият
 Жаштар театрынын жетекчиси болуп Жолдошбек Жанжигит уулу дайындалды

Борбор калаадагы Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрынын жетекчиси алмашты. Бул орунга "Учур" театрынын актёру Жолдошбек Жанжигит уулу келди. 

Тиешелүү буйрукка Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов кол коюп, жалпы жаамат алдында жаңы кызмат орду менен куттуктады. Эске салсак, буга чейин жаш көрүүчүлөр театрынын жетекчилик кызматын Эгемберди Чалабаев аркалап келген.