Жаңылыктар
“Акылдуу шаар” пилоттук долбоору жакынкы күндөрү ишке кирет
Кыргызстан жаңылыктары
“Акылдуу шаар” пилоттук долбоору жакынкы күндөрү ишке кирет

“Акылдуу шаар” долбоорун пилоттук режимде жакынкы күндөрү ишке киргизет. Бул боюнча Өкмөт башчы Сапар Исаков, 2-мартта “Коопсуздук жана кылмыштарды алдын алуу боюнча” улуттук конференцияда айтып, кийинки аптада өкмөт аталган долбоордун курулуш концепциясын коомдук угууга коё тургандыгын билдирди. 

Учурда жолдо адамдар каза болуп жаткандыгын айткан өкмөт башчы “Хуавей” компаниясы ишке ашыруучу долбоор абалды түп-тамыры менен өзгөртүүгө түрткү боло тургангыны баса белгиледи. Учурда өкмөт ылдамдыкты жогорулатуу, стоп-сызыкчаларды эске албоо,светофордун тыюу белгисине көңүл бурбай өткөн айдоочуларга жазаны катаалдаштырууну караган мыйзамдык базага түзөтүүлөрдү кийирүүдө. Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Cүймөнкүл Идирисов, "Биринчи радио"