Жаңылыктар
Президент туунун авторлору менен жолукту
Кыргызстан жаңылыктары
Президент туунун авторлору менен жолукту

Президент Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик туунун авторлору Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков жана Жусуп Матаев менен жолугушту.

Мамлекет башчысы авторлорду Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туу күнү менен куттуктап, ал 1992-жылы “легендарлуу парламентте” бекитилгенин белгиледи. 

«Сиздер Кыргызстандын Мамлекеттик туусунун авторлору катары түбөлүккө тарыхта каласыздар, мамлекеттин тарыхына кошкон салымыңар эч качан унутулбайт. Мамлекет жана анын жарандары ар дайым сиздер менен сыймыктанат», - деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков. 

Туунун авторлору Мамлекет башчысына жылуу кабыл алып, көңүл бурганы үчүн ыраазычылык билдиришти. Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик туунун авторлоруна Кыргыз Республикасынын Президентинин энчилүү сааттарын тапшырып, аларга бекем ден-соолук, бакубатчылык, ийгиликтерди жана узун өмүр каалады.