Жаңылыктар
Жер көчкү коркунучу бар аймактардагы калк коопсуз жайга убактылуу көчүрүлөт
Өзгөчө кырдаал
Жер көчкү коркунучу бар аймактардагы калк коопсуз жайга убактылуу көчүрүлөт

Өлкөнүн тоолуу аймактарында жергиликтүү бийлик органдары менен өзгөчө кырдаалдар министрлиги калкты коопсуз жайга убактылуу көчүрүүгө кам көрүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин калкты жана аймактарды коргоо башкармалыгынын жетекчиси Алмазбек Асанов билдирди. 

Өкмөт башчысы Сапар Исаков Баткен облусуна болгон иш сапары учурунда жарандарды 1-апрелге чейин кооптуу жайга көчүрүү тапшырмасын берген. 

Эскерте кетсек, 2016-жылы 13 миңден ашык жер силкинүү катталган. Мунун кесепетинен жер көчкүлөрдүн жандануусу жүрүп, 2017-жылы 169 кар көчкү анын ичинен 69у өзгөчө кырдаалды жаратып, 34 кишинин өмүрүн алган.