Жаңылыктар
Токмокто катталган жол кырсыктан 4 киши каза болду
Кырсык
Токмокто катталган жол кырсыктан 4 киши каза болду

Токмоктогу айланма жолго жакын жерде унаа кырсыгы катталды. Кырсыктын кесепетинен 4 киши каза болду. Мындай маалыматты Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдирди.

Honda Stepwgn унаасынын айдоочусу тайгаланып рулга ээ боло албай каршы тилкеге чыгып кеткен. Бет маңдай келе жаткан Audi 100 солго бурулуп кеткени менен анын артындагы Toyota Altezza токтоого үлгүрбөй калган. 

Минивэн дал ушул машина менен кагышкан. Тайотадагы 41 жаштагы аял ошол эле жерде мерт кеткен. Дагы үч жүргүнчү ооруканада каза болду. 

Audi унаасынын 40 жаштагы айдоочусу ооруканага жаткырылды. Алдын ала маалымат боюнча, кырсыкка жолдун тайгактыгы себеп болгону айтылууда. Ушу тапта соттук-медициналык жана техникалык экспертиза дайындалып, тергөө башталды.