Жаңылыктар
Максатбек Токтомушев: "Террорчулар жарандарды интернет аркылуу азгырууда"
Дин
Максатбек Токтомушев: "Террорчулар жарандарды интернет аркылуу азгырууда"

Террорчулар жарандарды интернет аркылуу азгырууда. Мындай пикирин Кыргызстандын муфтийи Максатбек Токтомушев Астанада өтүп жаткан "Евразия чөлкөмүндөгү Ислам маданиятынын өнүгүүсү" аттуу форумда билдирди. Анын айтымында, азгырыкка көбүнчө хадистердин маанисин туура эмес түшүнгөн жарандар кабылат. 

Маалыматка караганда, 2014-жылы "Ислам мамлекети" террордук уюму ишмердигин баштаганда Кыргызстандан 400 киши кеткен. 2015-жылы экстремизм менен террорчулукка каршы 800, кийинки жылы 6 миңге жакын иш-чара өткөн. Акыркы убакта укук коргоо органдары кыргызстандык жарандардын сыртка чыгуусу дээрлик токтогонун айтууда.