Жаңылыктар
“Достук - автожол” көзөмөл-өткөрүү жайында кошумча бөлүмдөр ачылды
Чек ара
“Достук - автожол” көзөмөл-өткөрүү жайында кошумча бөлүмдөр ачылды

“Достук - автожол” көзөмөл-өткөрүү жайында кошумча 4 паспорт текшерүүчү бөлүм ишке кирет. Мындай муктаждык өткөрмө жайдан өтүүчүлөрдүн санынын өсүп жаткандыгына байланыштуу. Мамлекет башчынын жеке көзөмөлүнө алынган маселе Ош шаарында болуп өткөн атайын жыйында талкууланды. 

Өлкө башчы тарабынан берилген тапшырмалардын аткарылышы менен жакындан таанышуу максатында, президенттик аппараттын башчысынын орун басары Алмамбет Салиев аталган жайга келди. Мында көзөмөл-өткөрүү жайын реконструкциялоо, кошумча паспорттук өткөрмө бөлүмдөрдү ишке киргизүү, кезек күткөндөрдүн жүгү бары-жогуна карап, ар башка өткөрүү маселелери келип чыккан. Жарандар үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү маселесине Вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев да күбө болду.

Иретке келтирүү планында, унаа өтүүчү жолго асфальт төшөө да каралган. Жолдун эки тарабын бириктирген аралык 32 метр болуусу шарт. Жургүнчүлөрдү ташуучу атайын унаа токтоочу жайды салуу да болжолдонууда. Коюлган тапшырманын негизинде "Достук - автожол" көзөмөл-өткөрүү жайына кошумча төрт паспорт текшерүүчү бөлүм 4-марттан тартып ишке кирет. Аталган көзөмөл-өткөрүү жайы былтыр 7-сентябрда эки тараптуу ачылган. Бүгүнкү күнгө карата чек арадан эки тараптан өткөндөрдүн саны 1 млн го жетти.