Жаңылыктар
Илимий даража үчүн ай сайын төлөнүүчү үстөктүн көлөмү жогорулады
Экономика
Илимий даража үчүн ай сайын төлөнүүчү үстөктүн көлөмү жогорулады

Илимий даража үчүн ай сайын төлөнүүчү үстөктүн көлөмү жогорулады. Буга байланыштуу токтомго Премьер-министр Сапар Исаков кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

 Билдирүүгө ылайык, чечим "Жаңы доорго кырк кадам" өкмөттүк программасын ишке ашыруу алкагында, ошондой эле илимий ишмердүүлүктү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, анын аброюн жогорулатуу, илимий жана педагогикалык адистрди колдоого алуу максатында кабыл алынган. 

Токтомго ылайык, негизги иштеген жери боюнча илимий, педагогикалык кызматкерлердин, профессордук-окутуучулук курамдын, анын ичинде мамлекеттик бийлик органдарынын кызматкерлеринин эмгек акысына иштелген убактысына карабастан ай сайын төлөнүүчү үстөктүн көлөмү белгиленди. 

Эми илимдин кандидаты даражасы үчүн — 900 сом; илимдин доктору даражасы үчүн — 1800 сом алат. Буга чейин ай сайын каралган үстөктүн көлөмү илимдин кандидаты даражасы үчүн 300 сомду, ал эми илимдин доктору даражасы үчүн 600 сомду түзүп келген.