Жаңылыктар
Каракол шаарындагы көчөнү суу каптоодо
Өзгөчө кырдаал
Каракол шаарындагы көчөнү суу каптоодо

Каракол шаарындагы Гоголь көчөсүндөгү тургундардын короолорун жыл сайын суу басат.

Жергиликтүү тургун Эмил Ашимовдун айтымында, анын бул жерде жашаганына 10 жыл болсо 10 жылдан бери кар ээрип, жаан жааган сайын короосун суу каптап калат. Жада калса үйүнүн жертөлөөсүнө чейин суу кирет. Анын кесепетинен үйүнүн дубалдары кыйшайып, сарайда жаракалар пайда болгон. Суу каптоодон улам кошуналар бири-бири менен көп чырдашат. Себеби бирөөсү тоскон суу агып барып кошунасынын короосуна кирет. Анын натыйжасында ортодо түшүнбөстүктөр көп болот.

«Биз мэрияга жыл сайын арык казып бергиле же кум төктүрүп бергиле деп кайрылып келебиз. Эч кандай өзгөрүү жок», - деди ал.