Жаңылыктар
Акыркы суткада өлкө аймагында 4 өрт чыкты
Өзгөчө кырдаал
Акыркы суткада өлкө аймагында 4 өрт чыкты

Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 4 өрт кырсыгы катталды. Аларды өчүрүүгө бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 5-мартта ӨКМдин басма сөз кызматы.

Ысык-Көлдөгү Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында турк үйдөн өрт чыккан. 

Жалпы аянты 120 чарчы метр барак тибиндеги турак үй өрттөнүп, бактыга жараша адамдар жабыркаган жок. Учурда өрттүн себеби такталып жаттат.