Жаңылыктар
Муслим Евлоев күрөш боюнча Азия чемпиону болду
Спорт
Муслим Евлоев күрөш боюнча Азия чемпиону болду

Кыргызстандык спортчу Муслим Евлоев Бишкек шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медаль утту. 

Маалым болгондой, ал эркин күрөш боюнча 74 кг чейинки салмактагылар арасында күч сынашып, 1/8 финалда тажикстандык Сорбон Абдулзаевди мөөнөтүнөн мурда 11:0 эсебинде жеңип алды. Ошондой эле, М.Евлоев чейрек финалда түркмөнстандык Довлетмурад Оразгылыжовду да мөөнөтүнөн мурда 12:2 эсебинде утту.

Ал эми, кыргызстандык балбан финалга чыгуу үчүн Ирандын өкүлү менен күч сынашып, беттеш 8:4 эсеби менен жыйынтыкталды. Ал финалда килем үстүндө монголиялык Мандахнаран Ганзориг менен беттешти. Биринчи мөөнөттө калыстар М.Евлоевге пассивдүүлүк үчүн эскертүү беришип, ал жооп катары 4 упай топтоого жетишкен. Бирок монголиялык машыктыруучулар буга макул болбой, кайра беттешүүнү талап кылып, 5:0 эсебинде утулуп калышты.

Андан кийин М.Евлоев каршылашынын артынан өтүп, дагы 2 упай топтоду. Балбандар 7:0 эсебинде тыныгууга чыгышты. Экинчи мөөнөттө кыргызстандык балбан ишенимдүү күрөшүүнү улантып, каршылашын мөөнөтүнөн мурда утуп, 11:1 эсебинде жеңишке жетти.

Аталган медаль Кыргызстан үчүн Азия чемпионатында онунчу байге болду. Буга чейин ушул эле чемпионатта герк-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов чемпион болгон болчу.