Жаңылыктар
Өзгөндүк окуучулар тогуз коргоол жана шахматтан күч сынашты
Спорт
Өзгөндүк окуучулар тогуз коргоол жана шахматтан күч сынашты

Өзгөн шаарында 5-март — Ак калпак күнүнө карата спорт мектебинин окуучулары арасында тогуз коргоол жана шахмат оюну боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу Өзгөн шаардык балдардын жана өспүрүмдөрдүн дене тарбия клубунун жетекчиси Азиз Мавлянов билдирди.

Анын айтымында, оюндар Мамлекеттик туу жана Ак калпак күнүнө карата уюштурулган. Оюнга вице-мэр Шакир Мамадалиев, мэриянын башкы адиси Манзура Раимжанова, Өзгөн райондук этностор аралык мамилелер боюнча коомдук кабылдаманын жооптуу катчысы күбө болушту. Спорттук мелдеш окуучулардын концерттик программасы менен коштолду.