Жаңылыктар
Балыкчыда жардамга муктаж 110 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды
Кыргызстан жаңылыктары
Балыкчыда жардамга муктаж 110 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Балыкчы шаарында аз камсыз болгон, көп балалуу үй-бүлөлөргө жана мүмкүнчүлүгү чектелген, жалгыз бой адамдарга акысыз азык-түлүк таратылды. Бул тууралуу мэриянын алдындагы «Жаштар ордосунун» төрагасы Э.Токонбаев билдирди.

Анын айтымында, азык-түлүк жалпы 110 үй-бүлөгө таратылып берилди. Ал курулуш материалдарын сатуучу дүкөндөрдүн бири демөөрчү болгонун белгиледи.