Жаңылыктар
Туруксуз аба ырайына байланыштуу кар көчкү коркунучу сакталууда
Өзгөчө кырдаал
Туруксуз аба ырайына байланыштуу кар көчкү коркунучу сакталууда

8-мартка чейин туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү жүрүүсү күтүлөт. Аны Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Бишкек - Ош унаа жолунун Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайы менен Көк-Бел ашуусунда кар көчкү түшүү тобокелдиги бар.

Ошондой эле, Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында, Красная Горка - Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4-чакырымында кар көчкү түшүүсү күтүлөт. 

Андын тышкары, Казарман- Актал-Чат автоунаа жолунун 67-94-чакырымындагы Кара-Көө ашуусунда жана Ийри-Суу тилкесинде, Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунун 45-90, 145-150-чакырымында, Каракол - Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашууда кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Жолдордун айрым жерлери тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылы чектелиши зарыл.