Жаңылыктар
Бүгүн Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү!
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү!

Бүгүн Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү белгиленүүдө. Буга байланыштуу майрамдык иш-чаралар өлкөнүн бардык райондорунда уюштурулат. 

Мектептерде, окуу жайларда калпактын мааниси тууралуу атайын сааттар өткөрүлүп, калпактын жана башка улуттук кийимдердин көргөзмөсү, сүрөт сынактары жана концерттер болот. 

Эске салсак, Жогорку Кеңеш өзүнүн 2016-жылдын 29-июнундагы "5-мартты жыл сайын белгиленүүчү Ак калпак күнү деп белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизип, 5-мартты - Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү катары жарыялаган. Бул күндү белгилөө демилгесин 2011-жылы кинорежиссёр Рысбек Жабиров көтөрүп чыккан.