Жаңылыктар
Кыргыз драма театрына директор болуп Асылбек Өзүбеков дайындалды
Маданият
Кыргыз драма театрына директор болуп Асылбек Өзүбеков дайындалды

Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына директор болуп Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Асылбек Өзүбеков дайындалды. 

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен тастыкташкандай, театрдын жамаатына жаңы директорду министр Султан Жумагулов тааныштырып келди. 

Театрдын мурдагы жетекчиси Назым Мендебаиров ушул эле жайдын көркөм жетекчиси болуп дайындалгандыгы айтылды.