Жаңылыктар
"Азия MIX" командасынын капитаны Э.Кененсаров "Что? Где? Когда?" оюнуна катышып, жеңишке жетти
Кыргызстан жаңылыктары
"Азия MIX" командасынын капитаны Э.Кененсаров "Что? Где? Когда?" оюнуна катышып, жеңишке жетти

"Азия MIX" командасынын капитаны Элдияр Кененсаров КВНдин башка жылдыздары менен биргеликте Россиянын Биринчи каналынын "Что? Где? Когда?" оюнуна катышып, жеңишке жетти. Бул жазгы оюндардын биринчи сериясы болду. 

Акылмандар командасынын курамына Сергей Кашников (Таганрог), Элдияр Кененсаров (Бишкек), Алексей Кривеня (Армавир), Михаил Галустян (Москва), Вадим Галыгин (Борисов), Гарик Мартиросьян (Ереван, команда капитаны) кирди. Оюндун шарттарына ылайык көрүүчүлөрдөн 10 суроо келди. Оюн 6:4 эсебинде аяктап, КВНчилер көрүүчүлөрдү утуп алышты. 

Мыкты оюнчу деп командага үч упай алып келген Сергей Кашников табылды. Оюнга көрүүчү катары КВН эл аралык бирикмесинин жетекчиси Александр Масляков да келген.