Жаңылыктар
Калпакты өлкөгө сырттан алып кирүүгө тыюу салуу демилгесин колдоо керекби?
Кыргызстан жаңылыктары
Калпакты өлкөгө сырттан алып кирүүгө тыюу салуу демилгесин колдоо керекби?

Калпактын сапатына эмес, арзанына карап сатып алгандар көп. Бул айрыкча аш-тойдун күчөгөн мезгили күзүндө күчөйт. Анткен менен сапатсыз калпак кийилбей колдон-колго өтүп, аны өндүргөндөрдүн чөнтөгү үчүн гана пайда келтирүүдө.  Коомчулукта болсо улуттук баш кийимди сапатсыз кылып чыгарууга бөгөт коюу зарылчылыгы көптөн бери айтылып келет.  

Сапатсыз калпактын сатылышын аны соодалагандар деле жактырбайт. Болгону арзанына суроо-талап жогору болгон үчүн элдин чөнтөгүнө карап аргасыз сатыкка коюшат. 

Калпактын кадырын кетирип, арзандары колдон колго өтүү менен той-аштарда гана берилип келсе, айрым учурларда кызуу талкуу жараткан көрүнүштөр да болбой койбойт. 

Буга чейин Маданият министрлиги калпакты өлкөгө сырттан алып кирүүгө тыюу салуу демилгесин көтөргөн. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга да коюлган.