Жаңылыктар
Кыргызстанда тигилген кийимдердин сапаты кандай?
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда тигилген кийимдердин сапаты кандай?

Кыргыз экономикасына опол тоодой салым кошуп жаткан дагы бир тармак, бул тигүү тармагы болуп саналат. Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөргө, айрыкча Казакстан менен Орусияга Кыргызстанда тигилген кийим кеченин түрлөрү, ошол эле учурда көп көлөмдө экспорттолуп жатат. 

Жеңил өнөр жайы Кыргызстанда 150 миңден ашык адамды жумуш менен камсыз кылып, тигүү тармагы азыркы учурда аймактарда да тездик менен өнүгүп жаткан багыттардын бири болууда.


Кыргызстанда тигилген кийимдерге чет өлкөлөрдө суроо талаптын жогору болуп жатканы албетте анын сапатына жараша экени белгилүү. Таза кездемеден, ошол эле учурда ыңгайлуу жана жарашыктуу дизайн менен жасалган кийимдер тез колдонууга кирип, башка өлкөлөр менен бирге атаандаштыкты да жаратып жатат.


Ал эми өткөн аптада Казакстан тарап тараткан “Кыргызстанда жасалышы мүмкүн болгон балдар кийиминен уулуу заттар табылды” деген маалыматтар азырынча сөз бойдон гана турат. Анткени кийимдер биздин өлкөдө тигилгени азырынча тактала элек. 

Ошол эле учурда, уулуу зат табылган кийимдер Кыргызстандын беделине шек келтирүү үчүн атайын жеткирилиши мүмкүн деген да версиялар бар. Бирок, биздин тиешелүү мамлекеттик органдар баары бир ата мекендик өндүрүштүн сапатын бир сыйра текшерип көрүшмөкчү.