Жаңылыктар
“Достук-автожол” көзөмөл-өткөрүү жайында 6 паспорттук бөлүм иштеп келген
Чек ара
“Достук-автожол” көзөмөл-өткөрүү жайында 6 паспорттук бөлүм иштеп келген

Президент Сооронбай Жээнбеков, “Достук автожол” көзөмөл-өткөрмө жайы аркылуу өтүүчү жарандарга ыңгайлуу шарт түзүп берүү боюнча тийиштүү кызматтарга бир катар тапшырмаларды берген. Анын алкагында 4-марттан тартып, кошумча 4 паспорттук бөлүм ишке кирди. Дагы 16 паспорттук бөлүм жайгашуучу жайдын орду даярдалууда. Муну менен жарандардын өздүк документин текшерүүчү бөлүмдөрдүн саны 30га жеткирилет. 2010-жылдан тартып, бир тараптуу гана иштеген “Достук-автожол” көзөмөл-өткөрүү жайында 6 паспорттук бөлүм иштеп келген. Тейлөө мүмкүнчүлүгү болсо, күнүнө 700, 750 гана кишиге ылайыкташкан. Чек ара ачылгандан кийин, тагыраагы өткөн жылдын 7-сентябрынан тартып, чек араны кесип өтүүчүлөрдүн саны кескин өскөн. Жылдап көрүшпөй калган эки элдин достук алакалары күн санап бекемделүүдө. 

Чек арага чектеш жашагандардын биргелешип кызматташуусу, мунун ичинде соода тармагы жанданды. Эки тараптан өткөн жарандардын саны 10 миңден 12 миңге чейин жетип, соңку 5 айдын ичинде 1 млндой атуулдун өздүгү катталган. Ушул себептүү, Мамлекеттик чек ара кызматы январда кошумча 4 паспорттук бөлүмдү ачкан. 10 паспорттук бөлүм да соңку эки айда жарандарды тейлеп үлгүрбөй калган. Дегеле, мамлекеттик чек арадагы өткөрүү жайларын эл аралык талаптарга жооп бере алчу денгээлге жеткирүү максатында, президент февраль айында тийиштүү кызматтарга бир топ тапшырмаларды койгон. Булардын аткарылышынан кабар алуу максатында, анын аппарат башчысынын орун басары Алмамбет Салиев, “Достук-автожол” көзөмөл-өткөрүү жайына келди. 

Мамлекет башчынын жеке көзөмөлүндө турган бул маселе Ошто -атайын жыйында талкууланды. Иш-чарага президенттик аппараттын, өкмөттүн, министрликтердин, мекеме кызматтардын өкүлдөрү катышты. Коңшу өлкөлөр менен болгон карым-каттышты бекемдөөдө ошол чек ара пункттарындагы кызматкерлердин жоопкерчилиги тургандыгын айткан вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев, жарандарды тейлөөнүн шарттарын жөнөкөйлөтүү зарылдыгын белгиледи. Иретке келтирүү планында, унаа өтүүчү жолду асфальттоо, жол жээгин мыйзамсыз соода күркөлөрдөн тазалоо да каралган. ЕАЭБдеги жол картага ылайык, унаа жолдун эки тарабындагы 32 метр аралыкты сактоо боюнча да аракеттер колго алынды. Ал эми, жарандардын коопсуздугун камсыздоодо 10 тартип сакчысы күнү-түнү нөөмөттө турат.