Жаңылыктар
Узак мөөнөттүү өнүгүү стратегиясы иштелип чыгат
Кыргызстан жаңылыктары
Узак мөөнөттүү өнүгүү стратегиясы иштелип чыгат

Узак мөөнөттүү 2040 өнүгүү стратегиясына - коомчулуктан келген бардык сунуш пикирлер камтылып иштелип чыгып, негизи даяр болду. Документ эми президенттин кароосуна берилип, андан кийин дагы бир айга чукул кошумча талкуу жана сунуш-пикирлерди киргизүү процесси өтөт. Ал эми Туруктуу өнүгүү боюнча Улуттук кеңештин жыйыны март айынын соңуна белгиленүүдө, анда стратегия акыркы талкуудан өтүп, биротоло кабыл алынат. 2040-жылга чейинки өлкөнү туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын алгачкы варианты коомчулукка өткөн жылдын аяк ченинде сунушталган. 

Улуттук стратегиянын үстүндө айрыкча бизнес коомчулугу кызуу талкууларды өткөрдү. Мында мамлекет менен ишкерлер жакынкы келечекте кандай мамиле түзөт деген маселе болду. Улуттук стратегиянын дагы бир маанилүү бөлүгү коопсуздук болуп эсептелет. Ага экологияны сактоо, экстремизм, терроризм менен күрөшүү, укук коргоо жана сот, көзөмөл органдарында реформа жасоо менен коррупцияга каршы аёосуз күрөш жүргүзүү багыттары камтылган.