Жаңылыктар
Түптө Ак алпак күнүнө карата көк бөрү боюнча мелдеш өттү
Спорт
Түптө Ак алпак күнүнө карата көк бөрү боюнча мелдеш өттү

Түп районунун Карасаев айыл өкмөтүнүн Токтоян айылында Ак калпак күнүнө карата көк бөрү боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга уюштуруучу Ж.Чымыров билдирди.

Анын айтымында, мелдешке жалпы 6 команда катышты.

«Ак алпак күнүнө карата уюштурулган улак тартышка район боюнча дайыма 10 команда катышчу. Бирок бул жолу кар жаагандыктан 4 команда катышкан жок. Буга карабастан оюн абдан курч мүнөздө өттү. Финалга Сары-Тологой айылынын «Каркыра» командасы менен Ичке-Суу айылынын командасы чыгып, оюн тең чыгуу менен аяктаган. Бирок кошумча убакыт берилип, «Каркыра» командасы 6:5 эсебинде жеңүүчү болду. Мелдеште «Каркыра» командасынын улакчылары — Болот уулу Элеман менен Асхат Бекболотов мыкты оюн көрсөтүштү», - деди Ж.Чымыров.

Жыйынтык:

- 1-орун — Сары-Тологой айылынын «Каркыра» командасы (3500 сом);

- 2-орун — Ичке-Суу айылынын курама командасы (2500 сом);

- 3-орун — Кең-Суу айылынын курама командасы (1500 сом);

- 4-орун — Чоң-Тогузбай айылынын курама командасы (500 сом).