Грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан Жанарбек Кенжеев Рио-де-Жанейродо өтүүчү олимпиадалык оюндарга катышат. Ал Астанада өткөн эл аралык мелдеште Бразилияда боло турган олимпиадага жолдомону утуп алды.
Алгач ал Индиянын өкүлүн эки нөл эсебинде утуп, жарым финалга чыкты. Жарым финалда Кенжеев италиялык балбан менен беттешип, аны 8:0 эсебинде жеңген. Жыйынтыгында, Бразилия олимпиадасынын лицензиясына ээ болду. Эскерте кетсек, быйыл августтун 5нен 21не чейин Рио-де-Жанейродо олимпиада оюндары өтөт.
Ага азырынча 5 кыргыз спортчусу катышаары белгилүү болду. Үч лицензияны жеңил атлетчилер - Юлия Андреева, Дарья Маслова жана Мария Коробицкая утса, күрөш боюнча эки жолдомону Арсен Эралиев менен Жанарбек Кенжеев алды.