Жаңылыктар
Акыркы суткада өлкө аймагында 8 өрт чыкты
Өзгөчө кырдаал
Акыркы суткада өлкө аймагында 8 өрт чыкты

Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 8 өрт кырсыктары катталды. Аларды өчүрүүгө 10 бөлүм жөнөтүлдү, деп бидирди бүгүн, 6-мартта ӨКМдин басма сөз кызматы. 

Жалал-Абаддагы Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл аймагындагы Абдураимов айылында сарайдан өрт чыкты. Сарайдын 52 чарчы метр чатыры, 30 боо жүгөрү бакалы жана 130 боо пахта сабагы күйгөн. Адамдар жабыркаган жок. Учурда өрттүн себеби такталып жатат.