Жаңылыктар
Кыз-келиндер күрөшү боюнча өспүрүмдөр арасында өлкө чемпионаты өтөт
Спорт
Кыз-келиндер күрөшү боюнча өспүрүмдөр арасында өлкө чемпионаты өтөт

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын 2018-жылга болгон негизги эл аралык жана республикалык мелдештердин календарлык планына ылайык 5 - марттан 7 - мартка чейин кыз-келиндер күрөшү боюнча өспүрүмдөр арасында Кыргыз Республикасынын чемпионаты өтөт.

Өспүрүмдөр арасындагы өлкө чемпионаты Бишкек шаарындагы “Изабек” спорт комплексинде өтөт. Мелдешке бардык региондун жаш балбандары катышат.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча чемпионатын өткөрүүгө Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан 21 миң сом каралган.