Жаңылыктар
Кара-Сууда 59 жаштагы аялды автоунаа сүзүп каза болду
Кырсык
Кара-Сууда 59 жаштагы аялды автоунаа сүзүп каза болду

Кара-Суу районундагы Шарк айыл аймагынын Медресе айылында 59 жаштагы аялды автоунаа сүзүп кетти. Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн билдирүүсү боюнча, окуя кечээ, 5-мартта саат 21:00 чамасында эл аралык маанидеги Ош—Сары-Таш—Эркеч-Там автоунаа жолунун 4-чакырымында болгон.

Жөө жүргүнчү оор жаракат алып, көп узабай көз жумду. Автоунаа Кара-Суу РИИБдин айып төлөөчү жайына токтотулуп, тиешелүү тактоо иштери жүрүп жатат.