Жаңылыктар
"Саясий дидар" - КУУнун ректору Канат Садыков
Маданият
"Саясий дидар" - КУУнун ректору Канат Садыков

Адам турмушунда анын инсан катары калыптанышына айлана-чөйрө, жакын адамдар сөзсүз таасирин тийгизет эмеспи. Кыргыз элинде чанда жаралган таланттуу, чыгармачыл инсандар өткөн. Алардын бири КР эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, кыргыз элине ат көтөргүс кызмат кылган кадырлуу агайыбыз Жалил Садыков. Мындай жаркын таланттын, бийик адамгерчиликтүү мыкты адамдардын артында алардын атын өчүрбөй, кадыр баркын арттырып, уучун улаган уул кыздары бар. 

Уктуруунун каарманы мына ошондой орошон талаттын уулу, Кыргызстандын билим берүү чөйрөсүндө өзгөчө орду бар, бул тармакта бир топ эмгек жараткан мурдагы билим берүү министри, азыркы учурда Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин ректору - Садыков Канат Жалилович менен маек курдук.  

Ата-эненин улуттук  нукура элдик-каада салттарына каныккан тарбиясын алып, адамгерчиликтин бийик үлгүлөрүн туу кылган Канат Жалиловичти Кыргызстанда айрыкча билим берүү чөйрөсү жакшы билет. Мугалимдик кесипти тандап алып, катардагы окутуучулуктан министрликке чейинки жолду басып өткөн эмгек жолунда Канат Жалилович эл турмушу менен журт тагдырына байланышкан бир топ жагдайларга туш болду. Алардын баарынан адамгерчилик бийик касиети, жөнөкөйлүгү жана иштин көзүн билген кесипкөйлүгү менен өттү.

Алгач атасы, залкар акын Жалил Садыков агайдын ырларын которууга катышып, кыргыз адабияты менен орус классиктеринин чыгармаларын окуп, жакындан тааныш болгон  Канат Жаилиовичке кесип тандоодо да кыйынчылык жаралган жок. Кантип бул кесипке келгенин, эмгек жолундагы, билим берүү тармагындагы ийгиликтери тууралуу маегибиз төмөндөгүдөй башталды.

Садыков Канат Жалилович 1961-жылдын 16-февралында туулган. Бишкек шаарында орус мектепти аяктап, ошол кездеги СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин филология факультетине кирет. Аны 1983-жылы  аяктап, орус тили жана адабияты мугалими кесибине ээ болот. Эмгек жолун 1983-жылы өзү аяктаган окуу жайда мугалим болуп иштөөдөн баштаган. КР ИИМнин Жогорку мектебинде да кафедра башчысы болуп эмгектенет.

Анын кыргыз адабияты менен орус классиктеринин чыгармаларын терен талдай билгендигин, улуттук улуу- мурас дөөлөттөрдүн барк баасын жакшы түшунгөндүгүн эске алышып, окумуштуулар чөйрөсү  Илимдер академиясына кызматка чакырышат.  Ошентип, 1991-1997-жылдары Канат Садыков Улуттук илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунда илимий катчы, бөлүм башчы болуп иштеп калат.    Кененирээк маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. 

Таалайкүл Чабдарова, "Биринчи Радио"