Жаңылыктар
“Сейтек” соода борбору толугу менен күйүп кетти
Кырсык
“Сейтек” соода борбору толугу менен күйүп кетти

2018-жылдын 5-март күнү саат 21:07 чамасында Бишкек шаарынын Ленин районунун Киев көчөсү №246 дарегинде жайгашкан ЖЧК “Сейтек” соода борборунун жыгач устундуу темир жабылган жалпы аянты 700 чарчы метр эки кабаттуу соода борбору толугу менен жана кийим-кече күйгөн. 

Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнин Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүктөрүнөн 3 бөлүм жана Штаб тартылган. Ошондой эле, КР ӨКМнин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу КБП унаасы менен тартылган. Өрт саат 23:13тө чектөөгө алынып, саат 00:40та толук өчүрүлгөн. Өрттүн себеби өрттү сыноо лабораториясы тарабынан такталууда.