Жаңылыктар
КТРК жамааты кыргыз тилин тереңдетип өздөштүрүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
КТРК жамааты кыргыз тилин тереңдетип өздөштүрүүдө

Коомдук биринчи каналдын жамааты кыргыз тилин тереңдетип өздөштүрүүдө. Окууну мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясындагы өз ишин мыкты билген кесипкөй адистер өткөрүп жатат. Иш-чара мамлекеттик тилди жогорку деңгээлде үйрөтүүнү жана кызматкерлердин билим булагын кеңейтүү максатын көздөйт. 

Семинарга эне тилин үйрөнүүнү каалагандардан тышкары аны жогорку деңгээлде өздөштүрүп, редакциялык иш тажрыйбада пайдалангысы келген бардык кызматкерлер катыша алат. Бүгүн башталган семинарды КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков ачып берди.