Жаңылыктар
Бажы жана салык кызматкерлеринин катышы бар ири коррупциялык схемалар аныкталды
Коррупция
Бажы жана салык кызматкерлеринин катышы бар ири коррупциялык схемалар аныкталды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы бажы менен салык кызматкерлеринин катышы бар ири коррупциялык схеманы аныктады. Фискалдык кызматты аркалагандар казынадан каражат өөнөп алуунун амалдуу жолдорун иштеп чыгып, казынага кол салган. Жыйынтыгында бюджетке 200 миллион сомдон ашуун зыян келтирилген.

Коопсуздук кызматкерлери товар жүгүртүүдө катышы бар мамлекеттик органдардын имараттарын тинтүүгө алып, ыкчам-иликтөө иштерин жүргүздү. Мындай текшерүүгө казынага кол салган көрүнүш бети ачылганы түрткү берген. Маалым болгондой, салык, бажы жана экономика министрлигинин айрым кызматкерлери кызматтык абалынан пайдаланып көмүскө акча өндүрүү ыкмасы иштеп чыккан.

Балыкчы балыкчыны алыстан тааныйт демекчи, көздөгөнү бир чыккандан кийин эсеп-кысапты өздөштүргөн кызматкерлер тымызын иш алып барган. Карай келгенде кагаз жүзүндө баары так, бирок кыңыр иш бары бир билинип отурат.

Коопсуздук кызматы жемкорлук менен күрөшүн улантууда. Бирок ага карабай мамлекеттик түзүмдө акча агылчу коррупциянын жыртык тешиги толугу менен бүтөлө элек. Серепчилер коррупцияга аралашкан ар бир адам жазасын алышы керек деген пикирде. Бул факты боюнча кылмыш иши козголду. Коопсуздук кызматы схеманын изине түшүп башка дагы мыйзамсыз көрүнүштөрдүн бетин ачышы мүмкүн.