Жаңылыктар
Аймактарды кантип өнүктүрүү керек?
Кыргызстан жаңылыктары
Аймактарды кантип өнүктүрүү керек?

Ош шаарында кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун өкүлчүлүгү ачылат. Бул тууралуу президенттин Аймактарды өнүктүрүү боюнча жарлыгын ишке ашыруу маселеси талкууланган жыйында айтылды. Өлкө түштүгүндө атайын түзүлгөн уюштуруу комитетинин көчмө жыйыны өттү. Ага Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы жергиликтүү жетекчилер, бир катар мекемелердин өкүлдөрү катышты.

Аймактарды кантип өнүктүрүү керек? Өкмөт өкүлүнүн айтымында бул үчүн борбордон гана тапшырмалар болбостон, жер-жерлерден да демилге чыгып турушу керек.

Уюштуруу комитетинин көчмө жыйыны конкреттүү пландарды иштеп чыгуунун аянтчасы. Ага өлкө түштүгүндөгү район акимдери менен шаар башчылары гана эмес, экономика, билим берүү, архитектура жана курулуш багытындагы мекемелердин, насыялоочу компаниялардын өкүлдөрү да катышты.

Чакан шаарларды өнүктүрүү башкы максаттардын бири. Себеби Бишкек менен Ош гана гүлдөп, калган шаарлар көмүскөдө калып келген. Соңку он жылда 31 калаанын өнүгүүсү анча байкалган жок.

Адистердин баамында аймактарды өнүктүрүү менен ички миграция жөнгө салынат. Кыргызстан калкынын көпчүлүгү айылдарда жашайт. Мындан улам элет турмушун жакшыртуу үчүн логистикалык борборлор менен кайра иштетүүчү ишканалар керек.