Жаңылыктар
Сооронбай Жээнбеков ММК өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү
Кыргызстан жаңылыктары
Сооронбай Жээнбеков ММК өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү

Түрдүү саясий күчтөр ар качан президенттик бийликти өз кызыкчылыгына пайдаланууга умтулушчу. Бирок менин милдетим - түрдүү саясый топтордун кызыкчылыгын канааттандыруу эмес, элге берген убадаларымды так аткаруу. Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушкан учурунда билдирди. Жолугушууда өлкө башчысы бир катар багыттар боюнча журналисттердин ондогон суроолоруна жооп берди.



Президент менен жолугушууга республикалык жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери, Кыргызстанда аккредитацияланган чет элдик кабарчылар чакырылган. Анын алдында өлкө башчысы айым журналисттерди келе жаткан Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктап, аларга гүл тапшырды.

Сооронбай Жээнбеков алгач Президент болуп шайланган мезгилден берки аткарган иштерине токтолду. Орусия, Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстанга жасаган чет элдик визиттери тууралуу айтып, коррупцияга каршы күрөш жарыялоонун максатына жана аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагындагы иш-аракеттерге токтолду.

Президент укук коргоо, сот жана көзөмөлдөөчү органдардын ишине баа берген Коопсуздук кеңешинин жыйынындагы теманы улантып, коррупцияга каршы күрөш туурасында өзүнчө кеп куруп берди. Журналисттердин көпчүлүк суроолору дагы ушул багытта болду. Суроолорго жооп берип жатып Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштө кыргызстандыктардын, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарынын колдоосуна таянаарын баса белгиледи.