Жаңылыктар
Жалал-Абад шаарындагы негизги көчөлөрдү кеңейтүү иштери башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абад шаарындагы негизги көчөлөрдү кеңейтүү иштери башталды

"Аймактарды өнүктүрүү" жылынын алкагында, Жалал-Абад шаарында бир катар социалдык багыттагы көйгөйлөр чечилгени турат. Анткени калаа казынасынын 41 пайызы жаңы социалдык курулуштарга деп эсептелген. Учурда калаанын негизги делген Пушкин жана Чехов көчөлөрүн кеңейтүү иши башталды. 

Кеңейтүү иштери жүрүп жаткан Пушкин көчөсү шаардагы чоң жолдордун бири. Андыктан каттам үзгүлтүксүз. Унаанын саны көбөйүшү менен жол тыгыны мында адаттагы көрүнүш болуп калган. Баштагы жолдун туурасы 10 метр болсо, азыр ага дагы 6 метр кошулууда. Кеңейтүү иши Пушкин көчөсүнүн 1 чакырым аралыгында жүрөт.

Калаадагы Чехов көчөсүндө да ушундай эле аракеттер колго алынган. Мында 750 метр жол кеңейтилет. Буга чейин бул жолдун эни 9 метр болсо, иш аяктаганда туурасы 14 метрге жеткен кең жолго айланат.

Пушкин жана Чехов көчөсүн кеңейтүү үчүн шаардык бюджеттен 120 миллион сомдон ашуун каражат бөлүнгөн. Калаа башчысы Салайдин Авазовдун айтымында, жергиликтүү бюджеттен быйыл социалдык багыттагы ар кандай жаңы курулуштарга 170 миллион сом каралган. Бул калаа бюджетинин 41 пайызын түзөт.  Жолду кеңейтүү иши буга чейин борбордук Ленин көчөсүнүн бир километр аралыгында да жүргөн. Анын калган бөлүгүн аяктоо план боюнча келерки жылы бүтөт.