Жаңылыктар
“КР КТРК Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө” КР ЖКнын Токтомуна киргизилген өзгөртүү
Кыргызстан жаңылыктары
“КР КТРК Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө” КР ЖКнын Токтомуна киргизилген өзгөртүү

                                                                                            Токтом  

                                                                             

 

«Кыргыз  Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин  курамы бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын  26-апрелиндеги №1548-VI  токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу жана жарандык коомдон Кыргыз  Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин мүчөсүнүн  бош кызмат ордуна сынак жарыялоо жөнүндө

«Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Тайтикеев Калыбек Рысбековичтин жеке өтүнүчү боюнча Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин мүчөсүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

2. «Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 26-апрелиндеги №1548-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-пунктун он тогузунчу абзацы күчүн жоготту деп эсептелсин.

3. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин мүчөсүнүн бош кызмат ордуна сынак жарыялансын.

4. Талапкерлерди көрсөтүүнүн жана сынакка катышуу үчүн документтерди берүүнүн шарттары бекитилсин (тиркелет).

5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамына талапкерлер боюнча келип түшкөн сунуштарды карасын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.

6. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

7, Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.



           Төраганын орун басары                                                                А.С. Кодуранова


                                                                                Жарандык коомдун көңүл буруусуна

Жарандык коомдон Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин мүчөсүнүн бош кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүүнүн шарттары жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинин
3-бөлүгүнүн үчүнчү абзацына ылайык жарандык коомдор (окуу жана илимий мекемелер, чыгармачыл бирликтер, коомдук бирикмелер, жалпыга маалымдоо каражаттары жана башка уюмдар) Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамына талапкерлер боюнча өздөрүнүн сунуштарын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитетине жазуу жүзүндө киргизишет.

“Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесине ылайык жогорку билими жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын чөйрөсүндө, өкмөттүк эмес уюмдарда, чыгармачыл бирликтерде 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар адам Кеңештин мүчөлүгүнө талапкер болууга тийиш.

Комитет сунушталган талапкерлердин ичинен жогоруда көрсөтүлгөн критерийлерге ылайык келген талапкерлерди тандайт жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизет. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши рейтингдик добуш берүү жолу менен бир талапкерди бекитет.

Өздөрүнүн талапкерлигин көрсөтүүгө кызыкдар жарандык коомдун өкүлдөрү 2018-жылдын 16-мартына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетине төмөнкүдөй документтерди киргизүүгө тийиш:

-талапкерди көрсөткөн уюмдун сунуштарын жана чогулушунун протоколун;

-талапкердин резюмесин;

-талапкердин паспортунун, дипломунун жана эмгек китепчесинин нотариус күбөлөндүргөн көчүрмөлөрүн.

Сынакка катышуу үчүн зарыл документтер (уюмдун сунуштарын, чогулушунун протоколу, паспортунун, дипломунун жана эмгек китепчесинин нотариус күбөлөндүргөн көчүрмөлөрү, жазуу түрүндөгү резюмеси) чапталган конвертте: Бишкек шаары, Чүй проспектиси, 205, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетине” белгиси бар дарек боюнча берилүүгө тийиш.

Каттар үчүн үкөк Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин имаратынын батыштагы кире беришиндеги контролдук-өткөрмө пунктунда (КӨП) болот. Документтер 2018-жылдын 16-мартында 17 саат 30 мүнөткө чейин кабыл алынат.

Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийин келип түшкөн же белгиленген эрежелерге ылайык келбеген арыздар каралбайт.

Кошумча маалымат үчүн 0 (312) 63-91-97 телефону боюнча кайрылса болот.