Жаңылыктар
Ата-Бейиттин" сырын ачкан Бүбүйра Кыдыралиева жардамга муктаж
Кыргызстан жаңылыктары
Ата-Бейиттин" сырын ачкан Бүбүйра Кыдыралиева жардамга муктаж

Ата-Бейиттин" сырын ачкан Бүбүйра Кыдыралиева жардамга муктаж. Ал учурда инисинин кызынын үйүндө баш калкалап келет. 


Бүбүйра апанын ар бир күнү дене көнүгүүлөрүн жасоо менен башталат. Анын шайдоот кыймыл аракетинин сыры ушунда. Баскан-турганын көрүп, токсон эки жашта экенине ишенгиң келбейт. Беш тилди өздөштүргөндүктөн ар башка тилде ырдаганды да жактырат.

Бүбүйра Кыдыралиева “Ата-Бейиттин” сырын ачкан адам. Ал атасы калтырган аманатын аткарып, 1930-жылдары репрессияланган кыргыздын алдыңкы интеллигенция өкүлдөрүнүн, мамлекеттик ишмерлердин сөөгүн табууга жардамы тийген. 


Эгемендүүлүк доору келгенде дал ушул эженин айтып, көрсөтүп берген жеринен улуу инсандардын сөөктөрү табылып, кайра ызаат менен жерге берилген эле. Учурда Бүбүйра апанын айткандарын жаш муундар зор ынтаа менен угушат. “Ата-Бейиттин” таржымалын окуу жайларга барып баяндап берет.

Бүбүйра Кыдыралиеванын өз балдары жок. Ата-энесиз калган 14 баланы өстүргөн. Бирок алардан азыр кабар жок. Учурда инисинин кызына таандык батирде баш калкалайт. Бүбүйра апа учурда 8 миң сомго жетпеген пенсия алат. Батирге муктаждыгы гана болбосо, аны урматтаган, мейманга чакырып сый-урмат көрсөткөн адамдар арбын.